Биз менен байланышыңыз

Президент чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 28 мая 2022 | 242 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда Чек арачылардын күнү — кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчы билдиргендей, мамлекеттик чек араны көздүн карегиндей коргоо өзгөчө маанилүү тапшырма жана өлкө коопсуздугунун башкы кепилдиктеринин бири болуп саналат. Дал ошондуктан чек арада кызмат өтөгөндөргө эң жогорку талаптар коюлган.

«Дүйнөдөгү жана Борбор Азиядагы кырдаал эгемендүүлүккө кол салууга, баңги аткезчилигине, чек арадагы кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга ишенимдүү бөгөт коюу зарылдыгын түздөн-түз көрсөтүп турат. «Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде» деп, ата-баба салтын улаган чек арачыларыбыз төрт миң жети жүздөн ашуун чакырымга созулган Мекен чегин кандай гана климаттык шарттарда, кандай гана чыңалган жагдайларда болбосун, көз ирмебей күзөтүп келишет», — деп белгиледи.

Жапаров чек ара инфратүзүмүн ырааттуу өнүктүрүү, чек ара мекемесинин оперативдик, техникалык, кадрдык мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү, чек ара жоокерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуусу жаатында мамлекет тарабынан жасалып жаткан иштер мындан ары дагы улантыларын кошумчалады.

Ушул салтанаттуу күндө аскердик милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткан жоокерлерге, өмүрүнүн орчундуу бөлүгүн Мекен кызматына арнаган ардагер чек арачыларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, өсүп келе жаткан жаштарга өрнөк болууну, улуу муундардан бери келаткан күжүрмөн достукту бекемдөөнү, коңшу мамлекеттер менен ынак коңшулук мамилени сактоону татыктуу уланта берүүгө чакырды.

Куттуктоонун соңунда президент чек арачыларга чың ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлөрүнө бакубат турмуш каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM