Биз менен байланышыңыз

Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда сел жүрүп, үйлөрдүн короосун каптады

Кыска кабар | 28 мая 2022 | 1524 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү.

Кечээ, 27-майда саат 20:15 чамасында Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө жааган жаандын кесепетинен, кокту колоттордон келген сел суулары сайга батпай Сары-Булак айылынын Таштак тилкесинде 1,5-чакырым ички чарбалык жолду каптаган.

Ошондой эле Ылай-Талаа айылында “Суу чарба башкармалыгынын” баласындагы эгин сугаруучу каналынан суу ашып, 25 турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Ылай-Талаа жана Чалма айыл өкмөтүнүн электр жарыгы өчүп, электр тармактар ишканасы тарабынан калыбына келтирилген. Жабыркагандар жок.

Бүгүн жерине сууларды сордурууга Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн 5 куткаруучу мотопомпа менен тартылды.

Ал эми Өзгөн районунда сел суулары 18 турак үйгө кооптуулук жаратты.

Кечээ, 27-майда саат 19:30 чамасында Салам-Алик айыл өкмөтүндө катуу жаан жаап, кокту-колоттордон келген сел суулары Кош-Этер айылынын ички чарбалык жолдорун каптап, 1 турак үйгө сел кирип, 1,3 м бийиктикке кум толгон жана 18 турак үйлөргө кооптулук жаралган. Бул турак үйлөрдүн тургундары туугандарына көчүрүлгөн.

Ошондой эле Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Чечебай айылында ички чарбалык жолдун 150 м аралыгын жана 20 турак үйдүн короосун каптаган.

Бүгүн жерине кошумча тактоо иштерин жүргүзүүгө Өзгөн райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM