Биз менен байланышыңыз

Арзыбек Кожошев Кыргызстандын атынан ЕЭКтин министри болуп дайындалды

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2022 | 4209 | 0

Кечээ, 27-майда Бишкекте өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жүрүшүндө Арзыбек Кожошев Кыргызстандын атынан Евразия экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурда бул кызматты Темирбек Асанбеков аркалап келген.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны видеоконференция форматында өтүп, ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров төрагалык кылды. Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты. Байкоочу өлкө лидерлери катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кубанын президенти Мигель Диас-Канель катышып, видеокайрылуу жасашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM