Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдөгү» жарака кеткен карьерде изилдөө жүрүп жатат

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 662 | 0

«Кумтөрдөгү» карьердин дубалынын жыла баштаган жеринде иш токтотулду. Учурда кыймылдын себептери такталып жатат.

Бул тууралуу «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин басма сөз качысы Назира Ахмедова «Маралга» кабарлады.

«Кумтөр» кениндеги жарака пайда болгон борбордук карьердин аймагынан кызматкерлер жана жабдуулар чыгарылган. Калган аймактарда иш кадимкидей тартипте уланууда.

Маалыматка караганда, 2002-06-жылы «Борбордук» карьериндеги чыгыш жана түндүк-тыгыш капталдарында жаракалар жана кыйроолор болгон. Анын үстүнөн атайын уюмдар иштеп жатат.

26-майда «Кумтөр» кенинин «Борбордук» карьериндеги чыгыш жана түндүк-тыгыш капталдарынын кыймылынын ылдамдыгы тездегенине байланыштуу комиссия түзүлгөнү маалым болгон.

Буга чейин маалымат каражаттарында соңку күндөрдөгү жааган жаан-чачындан улам «Кумтөрдөгү» негизги карьерлердин биринин чет жакасында жарака пайда болгону айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM