Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров ЕАЭБ тууралуу: Европага терезе жабылса, Азияга ачылат

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 438 | 0

Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форум башталды. Иш-чаранын ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

«Өткөн окуялар 6-Кондратьев циклинин экономикасына өтүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн ачып берди, мында нано-биотехнологиялар жана жаңы энергия, жаңы маалыматтык технологиялар жана, албетте, адам ресурстары алдыңкы планга чыгат. Батыштан чыгышка цивилизациялык жылыш бар. Экономикалык тартылуу борбору Азия континентине жылып жатат. Европага терезе жабылса, Азияга ачылат. Биз болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө күбө болуудабыз, анда биздин Биримдик өзүнүн үстөмдүк позициясын ээлеши керек», — деди Жапаров.

Акылбек Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы жана өз ара соодасынын көрсөткүчтөрү жаңы максималдуу тарыхый мааниге жеткенин билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын биринчи жарымында уюмдун ИДПсы 4,5%, курулуш тармагында 5%, айыл чарбасында 0,05%, өнөр жайда 4,1%, негизги капиталга инвестиция тартуу өскөн.

Экономикалык форумга катышуу үчүн интеграциялык бирикмеге кирген өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү болгон 2500дөн ашык адам катталган.

Форумда Евразия экономикалык кеңешинин алкагында транспорттук-энергетикалык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү, каржы-банк саясаты, өнөр жай тармагындагы кызматташтык, санарип жана жаштарга багытталган күндүн темалары, электрондук соода жүгүртүү жана кызматташуунун жаңы ыкмалары боюнча талкуулар болот.

Copyright © 2017 Maral FM