Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна которулду

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 4599 | 0
Сүрөт: Жактоочу Замир Жоошев

Бир нече оор беренелерге айыпталып, түрмөдө отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду.

Бул тууралуу экс-депутат Ирина Карамушкина фейсбук баракчасына жазды.

«Алмазбек Атамбаевди конвоирлердин коштоосунда, бир нече унаа менен, мамлекеттин өзгөчө коркунучтуу кылмышкери катары алып келишти» , — деп жазды Карамушкина.

25-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевди медициналык кароодон өткөрүүгө уруксат берген.

Атамбаев белинде бир нече грыжа бар экенин айтып, буга чейинки сот отурумдарына катыштырбоону өтүнгөн. Бирок, ага карабай эки жолу сотко күч менен алып барылган, андан кийин ден соолугу кескин начарлаганын жактоочулары билдирген.

Апрель айында №47 колониядагы дарылоо-түзөтүү мекемесинин башкы дарыгери Алмазбек Атамбаев толук текшерүүдөн өтүп, дарыланууга муктаж экенин эскерткен. Тиешелүү корутунду ИИМдин медициналык башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM