Биз менен байланышыңыз

Парламент УКМК тууралуу мыйзам долбоорлорунун топтомун колдоду

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 511 | 0

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында улуттук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлорунун пакетин карап, жактырды.

Анын ичинде контрчалгындоо иши жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Буга чейин «Контрчалгындоо ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзам долбоорундагы пункттардын бири талкуу жаратып, жарандар жеке турмуштун кол тийбестиги тууралуу эскертишкен.

Үчүнчү окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлору:

  • “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи өкмөт);
  • “Контрчалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
  • “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
  • “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
  • “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору.

Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 2-бөлүгүндө «телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо, менчик жерге камера коюу укуктук кызмат адамынын жүйөлүү токтомунун негизинде гана аткарылат» деп жазылган.

Бул «УКМК жарандарды соттун чечимисиз тыңшап, жеке менчик жайларга жашыруун камера коё алат» дегенди түшүндүрөт. Себеби Конституциянын 29-беренесинин 3-бөлүгүндө укуктарды чектөөгө сот чечиминин негизинде гана жол берилери жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM