Биз менен байланышыңыз

Бишкек соту «Кумтөргө» коюлган 261 млрд сомдук доону жокко чыгарды

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 367 | 0

24-майда Бишкек шаардык соту «Кумтор Голд Компани» ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган 261,7 млрд. сом айыпты жокко чыгаруу боюнча апелляциялык арызды карап, Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

2021-жылдын май айында жарандык активисттер Наристе Калчаев, Айбек Сарыбаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов «Кумтор Голд Компанинин» үстүнөн Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылышкан.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Компания бир жылдан соң Бишкек шаардык сотуна кайрылып, биринчи инстанциянын чечимине каршы даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүсүн өтүнгөн. Быйыл 19-майда шаардык сот өтүнүчтү канааттандырган.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелде түз эфир аркылуу элге кайрылуу жасап, «Кумтөр» алтын кени Кыргызстанга толук жана биротоло өткөнүн, «Центерра» менен болгон талаш-тартышты жыйынтыктаган акыркы чечимге кол коюлганын, алар АКШда, Швецияда жана Канадада Кыргызстанга каршы козголгон бардык соттук териштирүүсүн жана дооматын токтото турганын жар салып, жалпы элди улуттук кызыкчылыктын корголуп калышы менен куттуктаган.

Президент Садыр Жапаров 10-майда кенге Эсеп палатасынын кызматкердлерин жибергенин, текшерүүнүн  жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат берилерин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM