Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Панфилов сейил багында өрт чыкты

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 251 | 0

Бүгүн, 25-майда Биринчи Май районундагы Панфилов сейил багынын аймагында жайгашкан «Панорама» кафесинен өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылып, өрт саат 07:12де чектөөгө алынып, саат 8:26да толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдары такталууда.

Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM