Бүгүн, 25-майда Биринчи Май районундагы Панфилов сейил багынын аймагында жайгашкан «Панорама» кафесинен өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылып, өрт саат 07:12де чектөөгө алынып, саат 8:26да толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдары такталууда.
Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.