Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Москвада кран кулап, кыргызстандык жаран каза болду

Кыска кабар | 24 мая 2022 | 413 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Москва шаарындагы курулуштардын биринде кран кулап түшүп, анын кесепетинен Кыргызстандын 1999-жылы туулган Р.у.Н. аттуу жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери окуя болгон жерге жөнөтүлдү. Ошондой эле укук коргоо органдарына жана Москва шаарынын мамлекеттик эмгек инспекциясына Кыргызстандын жаранынын өлүмүнүн себептерин, жагдайларын тактоо үчүн кайрылуу жолдонду.

Элчилик каза болгон жарандын сөөгүн мекенге кайтаруу маселесин иштеп чыгууда. Тышкы иштер министрлиги окуя көзөмөлдө экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM