Биз менен байланышыңыз

УКМК: Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөлөрү маңзат боюнча кармалды

Кыска кабар | 24 мая 2022 | 273 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык бангизат каналына тиешеси бар Кадырбек Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын кабарлады.

2022-жылдын 21-майында К.Досоновдун («Женго») уюшкан кылмыштуу тобунун үч мүчөсү: А.У.Т., М.у.М., жана Т.Ж.А. «Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багытында эл аралык баңги каналына катышуусу бар деген шек менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ош облусунун тургундары тарабынан жогоруда аталган каттам боюнча эл аралык баңги каналын түзүшкөнү аныкталган.

21-майда УКМК кызматкерлери текшерүү жүргүзүлүп, «Азия Ойл» май куюучу жайынын аймагынан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын жанынан сары скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 кг 980 граммды түзгөн (болжол менен «гашиш») табылган.

Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын тиешелүү комплекси жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM