Биз менен байланышыңыз

ДСУ: Маймыл чечегине каршы массалык эмдөөгө зарылчылык жок

Дүйнө , Кыска кабар | 24 мая 2022 | 566 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европа жана Түндүк Америкада катталып жаткан маймыл чечегин жуктургандарды массалык эмдөөгө азырынча зарылчылык жок деп эсептейт.

ДСУнун Европадагы өтө көйгөйлүү патогендер бөлүмүнүн жетекчиси Ричард Пебодинин маалыматында маймыл чечегинен коргонуу үчүн жеке гигиена так сактоо жана жыныстык алакада коргонуучу каражаттарды колдонуу жетиштүү болуп саналат.

Маймыл чечеги менен күрөшүүдө да жуктуруп алгандарды изоляциялоо эң негизги чара катары колдонуу керектигин да кошумчалаган.

Буга чейин Германиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги да маймыл чечеги өтө кооптуу эместигин эскерткен.

Маймыл чечеги алгач Африка континентинде катталды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Афиркадан тышкары Европа өлкөлөрү, АКШ, Канада жана Австралияда 100гө жакын адамдан аныкталгандыгын жарыялады. Ошондой эле Европа аймагында жай айларында тездик менен тарашы ыктымал экенин эскертти

Үсөнбаев: Маймыл чечеги келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM