Биз менен байланышыңыз

Жусупбекова: Пионердик иш-чаралар боюнча министр менен кеңешилген эмес

Кыска кабар | 24 мая 2022 | 2565 | 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова пионерлердин 100 жылдык маарекесине байланыштуу телефонаграмма боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, мааракени белгилөөнүн саясий жана идеологиялык максаты жок. Аны уюштурууну мамлекеттик катчы (Сүйүнбек Касмамбетов) колдогон. Жусупбекова белгилегендей, пионердик иш-чараларды белгилөөгө уруксат берүүдө министр жана жалпы жетекчилик менен кеңешкен эмес.

«Ушундай иш-чараны уюштурууну көздөп жатабыз, тарыхыбызды унутпайлы, көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранам», — деп Бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча төрайымы Жаңыл Түмөнбаеванын мамкатчыга кайрылуусунун негизинде мен бул телефонаграмманы жөнөткөм. Арабызда ошол доорду башынан өткөргөн аталарыбыз, апаларыбыз бар. Алардын акыл-эсинен бул пионерлик доорду өчүрө албайбыз. Башка учурдагы юбилейлик даталарды белгилеп келгенибиз сымал, бул датаны да эч кандай саясий, идеологиялык максаты жок эле белгилеп коюу үчүн жиберилген. Бирок министр, жалпы жетекчилик менен кеңешпей туруп жибергеним үчүн кечирим сурайм. Туура кабыл алууңуздарды өтүнөм» , — деп жазылат түшүндүрмөдө.

Буга чейин социалдык тармактарда пионердик түзүмдүн 100 жылдыгын белгилөөгө уруксат берүү боюнча буйруктун көчүрмөсү тараган. Анда Билим берүү жана илим министринин орун басарынын колу коюлган.

19-майда Жети-Өгүз районунда Кызыл-Суу айылындагы мектепке Лениндин бюсту орнотулган. Ал пионердик иш-чара менен коштолуп, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер, мектеп окуучулары жана ата-энелер катышкан. Ушундай эле иш-чаралар өлкөнүн башка аймактарында да өттү.

Бул окуя социалдык тармактын колдонуучулары арасында сынга кабылган.

Copyright © 2017 Maral FM