Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Дыйкан-фермерлерге 3 млрд 396 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Кыска кабар | 24 мая 2022 | 292 | 0

«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун ишке ашыруунун алкагында жалпы 3 миллиард 396,5 миллион сомго 6 миң 746 насыя таратылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Анын ичинен 5557 насыя күрөөсү менен жалпы 3 миллиард 155,1 миллион сомго, ал эми 241,4 миллион сомдук 1189 насыя күрөөсүз берилген.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү багытына күрөө коюу шартты менен 868,8 млн сом суммасында 1840 насыя, 128,7 млн сомго күрөөсүз 640 насыя берилди.

Мал чарбасын өнүктүрүүгө күрөө менен 1 миллиард 881,6 миллион сомдук 3572, күрөөсүз 112,6 миллион сомго 549 насыя берилген.

Айыл чарбасынын кайра иштетүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү үчүн күрөөлүк негизде 404,6 млн сом суммасында 145 насыя таратылган.

Copyright © 2017 Maral FM