Биз менен байланышыңыз

Москвада сабалды делген өспүрүм кыз Кыргызстанга алып келинет

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 549 | 0

Москвага кеткен 11 жаштагы кыздын тууганы тарабынан сабалганы тууралуу факты Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө.

Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Үстүбүздөгү жылдын 22-майында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте өспүрүмдүн жашаган жерине барышкан.

Учурда ата-энеси менен макулдашып, жашы жете элек кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда.

Бул факты боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM