Биз менен байланышыңыз

Мөндүр аралаш жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 213 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 23-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Айрым райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыш тараптан келген соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Эртең, 24-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, тоолуу райондордо жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөй.

Аба температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+16, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +23…+25 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM