Биз менен байланышыңыз

Пенсиялык каражатты ипотекалык төлөм үчүн колдонууга уруксат берилди

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 2111 | 0

Кыргызстанда Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондундагы каражатты ипотекалык төлөм үчүн колдонууга уруксат берилди.

Мындай чечим Министрлер кабинетинин 20-майдагы жыйынында кабыл алынды. Анда Социалдык фонд тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык каражаттарын төлөө эрежелери жөнүндө чечимдин долбоору жактырылды.

Учурда ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле алардын жубайлары карыздын негизги суммасын же насыя боюнча пайыздарды төлөө үчүн пенсиялык топтомун пайдалана алышат. Ал үчүн алардын жеке камсыздандыруу эсебинде 50 миң сомдон кем эмес өлчөмдө акча болууга тийиш.

Токтом ошондой эле пенсиялык топтоолору бар жумушсуз жарандарды социалдык жактан колдоого багытталган. Алар да бул каражаттарды жашоо минимумунун өлчөмүндө үч айдан ашпаган мөөнөткө ала алышат.

Copyright © 2017 Maral FM