Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 309 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылындагы катталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Факты Кылмыш жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, тергөө иштери уланууда.

Ал эми жараат алгандарга соттук медициналык, жабыркаган унааларга соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып,  келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү аныкталып, такталууда.

21-май күнү саат 16:00 чамасында Кадамжай районунун Айдаркен шаары тараптан Чечме айылын көздөй бара жаткан оор жүк ташуучу унаанын тормоздук системасы иштебей калып, «Чечме-автожол» өткөрүү жайын жана ал аркылуу Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан жарандарды, унааларды жана Өзбекстандын постунда токтоп турган грейдер оор автоунаасын сүзүп токтогон.

Орун алган окуянын натыйжасында, бир канча унаа ошондой эле жарандар жабыркап, 8 киши каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM