Биз менен байланышыңыз

Итибаев: Быйыл туристтер үчүн эс алуучу жайлар ачылат

Кыска кабар , Пикирлер | 23 мая 2022 | 4307 | 0

Президенттин жарлыгы менен 1,5 ай мурун «Туризимди өнүктүрүүнү колдоо фонду» иштей баштады. Анын баштапкы капиталы 1 млрд сом. Азыркы тапта 20га чукул кызматкер эмгектенип жатат.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризимди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкаруучу директору Кайрат Итибаев «Маралдын» эфиринде фонд тууралуу айтып берди.

Фонд өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн. Ошондой эле инвестиция тартуу аркылуу капиталды көбөйтүү пландалууда.

Фондго бөлүнгөн каражат туризмди өнүктүрүүгө, инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган 34 долбоорго жумшалат.

«Алгачкы долбоор катары туристтер үчүн жолдун жээгине чакан 68 эс алуучу жай курууну пландап жатабыз. Быйылкы жылдын эсебинен 21 жай курулат. Конкурстук негизде тендер жарыяланат. Ички инвесторлордон болсо жакшы болот эле. Алар менен чогуу башкаруучу компания түзүп, ийгиликтүү иштетип кетүү башкы максатыбыз».

34 долбоорду ишке ашыруу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады Итибаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM