Биз менен байланышыңыз

Кадамжайдагы жол кырсыгынын себеби айтылды

Кыска кабар | 21 мая 2022 | 3920 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы Кадамжай районунда катталган жол кырсыгы тууралуу маалымат берди.

21-майда саат 16:00 чамасында Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасынын Чечме айылына бара жаткан 1961-жылы туулган А.К., атуу айдоочу “HOWO 6×4” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен алдыңкы жүктөгүч “SEM655D” атайын техникасын алып баратып жол кырсыгына кабылган.

Жол кырсыгынын себеби “HOWO 6×4” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей калган, бул унаа Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык.

Жол кырсыгы болгон Чечме айылында жайгашкан “Чечме” чек ара өткөрүү постунда 13 унааны сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болду, анын экөө Өзгөчө кырдаалда министрлигинин кызматкери, дагы  7 адам (2 жаш өспүрүм) ар кандай оор жаракаттарды алышты.

Учурда жабыркагандардын жана каза болгондордун өздүгү такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM