Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Борбор Азиядагы эң ири тиричилик буюмдарын өндүргөн завод ачылды

Кыска кабар | 21 мая 2022 | 6901 | 0

Бүгүн Бишкекте үй буюмдарынын толук циклин өндүргөн Борбор Азиядагы алгачкы ири «Маткасым» заводу ишке кирди.

Бул завод бүгүнкү күндө үй антенналарын, кир жайгычтар, кургаткычтар, үтүк такталары, телевизор орнотуучу кронштейндер, текстиль жана башка көптөгөн тиричилик буюмдарын чыгарууда лидер болуп саналат. «Маткасым» заводунун өнүмдөрү коңшу Казакстандын рыногунда да башкы позицияда турат.

Жаңы ачылган заводдун аянты 2,5 гектар. 150дөй жумушчу иштейт. Завод жылына 10 млн даана товар өндүрүү күчүнө ээ.

Copyright © 2017 Maral FM