Биз менен байланышыңыз

Эртең диктор Бактыбек Мамытов менен коштошуу зыйнаты өтөт

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 421 | 0

Белгилүү теледиктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытов менен коштошуу зыйнаты эртең, 21-майда Кыргыз Улуттук телерадиоберүү корпорациясында саат 12:00дө өтөт. Диктордун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Бактыбек Мамытов 72 жаш курагында ааламдан өттү. Ал кыргыз телесинде көптөгөн жылдар эмгектенип, легендарлуу «Арноо концерти» программасынын алып баруучусу катары таанымал.

Мамытов 1950-жылы Чүй облусунун  Ысык-Ата районунда  жайгашкан Алмалуу  айылында туулган. 1971-жылы Улуттук университеттин «Журналистика» факультетине тапшырган. Ал 3-курста окуп жүргөн кезде кастингге катышып, теле тармагындагы карьерасы башталган.

1993-жылы КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алган. 2006-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. Ал эми 2019-жылы КРнын Эл Артисти наамын алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM