Белгилүү теледиктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытов менен коштошуу зыйнаты эртең, 21-майда Кыргыз Улуттук телерадиоберүү корпорациясында саат 12:00дө өтөт. Диктордун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Бактыбек Мамытов 72 жаш курагында ааламдан өттү. Ал кыргыз телесинде көптөгөн жылдар эмгектенип, легендарлуу «Арноо концерти» программасынын алып баруучусу катары таанымал.
Мамытов 1950-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан Алмалуу айылында туулган. 1971-жылы Улуттук университеттин «Журналистика» факультетине тапшырган. Ал 3-курста окуп жүргөн кезде кастингге катышып, теле тармагындагы карьерасы башталган.
1993-жылы КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алган. 2006-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. Ал эми 2019-жылы КРнын Эл Артисти наамын алган.