Биз менен байланышыңыз

Июнь окуясы боюнча мурдагы үч аткаминерге айып тагылды

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 2645 | 0

Июнь окуясы боюнча мурдагы үч аткаминерге айып тагылды. Маалыматтарга караганда, тергөө тобу УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясатчы Бектур Асановдун баш коргоо чарасы аныкталды.

Аларга өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Кенешбек Дүйшөбаев маалыматты тастыктап, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”)  боюнча айыпталганын билдирди.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын апрелинде июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырган.

Иштин алкагында президент Садыр Жапаров, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев да Башкы прокуратурага сурак берип чыккан. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да суракка алынган.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам курман болгон.

Copyright © 2017 Maral FM