Биз менен байланышыңыз

Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 619 | 0

Cаламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылганы кабарланды. Маалыматты Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Ал Каракол шаардык соту тарабынан бир айга үй камагына чыгарылган, бирок Башкы прокуратура мындай чечимдин үстүнөн облустук сотко арызданды.

Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова 17-майда кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара алуу”) негизинде тергөө амалдары башталган.

Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

14-майда УКМК Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору 100 миң сом пара алууга шектелип кармалганын жарыялаган. Анын жанында министрдин кеңешчиси да болгону айтылган.

Бейшеналиев өзү бул маалыматты четке кагып, ал күнү медайымдар күнү белгиленгенин, ал эми акча майрамга карата алынганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM