Мамыржан Рахимов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калабына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды. Тийешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Бул тууралуу Президенттик Администрациядан билдиришти.
Мамыржан Рахимов 1968-жылы Баткен районунда туулган. 1986-1988-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
2012-2017-жылдары Баткен шаардык кеңешинин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. Ал эми 2017-жылдан 2021-жылга чейин Баткен шаарнын мэри болуп эмгектенген.