Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия өлкөлөрүнө акча которуулардын агымы кескин кыскарышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2022 | 639 | 0

Дүйнөлүк банк 2022-жылга дүйнө өлкөлөрүндө, анын ичинде Борбор Азияда акча которуулардын агымы боюнча болжолун жарыялады.

«Миграция жана өнүгүү» изилдөөсүнө ылайык, негизги булагы Орусия болгон Борбор Азия мамлекеттерине акча которуулар кескин кыскарышы мүмкүн.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 2021-жылы Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө акча которуулардын агымы 7,8%га өсүп, 74 млрд долларды түзд, бул тарыхый эң жогорку чек болгон.

Мындай өсүш негизинен Европа биримдигинде экономикалык активдүүлүктүн күчөшү жана энергияга болгон баанын калыбына келиши менен шартталган.

2021-жылы Өзбекстанда акча которуулар өлкөнүн ички дүң продукциясынын 13 пайызын, Тажикстанда ИДПнын 34%ын, Кыргызстанда 33%ды түздү.

Бул ал өлкөлөрдүн экономикасынын эмгек мигранттарынын акча которууларына көз карандылыгы күчтүү экенин айгинелейт.

2020-жылы Орусиядагы бул үч өлкөдөн барган эмгек мигранттарынын саны 7,8 миллион адамды түзгөн.

Быйыл Борбордук Азия өлкөлөрүнө акча которуулардын агымы 1,6% га төмөндөшү күтүлүп жатат, жакынкы мөөнөттүү болжолдор белгисиз экенин Дүйнөлүк банк белгилейт. Мындай жагдай Орусиянын Украинага басып кирүүсүнө байланыштуу жана Орусия төлөй турган санкциялардан көз каранды.

Жалпысынан Дүйнөлүк банк быйыл кирешеси төмөн жана орто өлкөлөргө акча которуулардын агымы 4,2%га көбөйөрүн, ал 630 миллиард долларды түзөт деп күтүүдө.

Европа жана Борбордук Азия чөлкөмүндө эң көп алуучу Украинага трансферттердин көлөмү быйыл 20%дан ашык болот.

Copyright © 2017 Maral FM