Биз менен байланышыңыз

Кайыпов: Казинолорду ачуу Баш мыйзамга каршы келет

Кыска кабар , Пикирлер | 19 мая 2022 | 312 | 0

Укук коргоочу Эржан Кайыпов «Маралдын» эфиринде Кумарканаларды ачуу боюнча мыйзам долбоору Баш мыйзамга каршы келерин эскертти.

Ал аталган мыйзам долбоору коомчулукта баалуулуктар көйгөйүн жаратарын айтат.

Баш мыйзамда «Ата-бабабыздын наркын, салтын сактоо, Айкөл Манастын осуяттарына таянуу” деген баалуулуктар бекитилген. Ошондой эле 10-беренеде «Кийинки муундардын моралдык, адеп-ахлактык өнүнгүшү үчүн, туура баалуулуктар калыптанышы үчүн мыйзам керек болсо чектөөлөргө барыш керек» деп жазылган. Баш мыйзамды жазып жатканда жактоочулар ушул нерселерди баса белгилеп турушкан. Бирок бүгүн эч ким эч кандай пикир билдирбей, айрымдары кызматтарды ээлеп унчукпай отурушат. Казинону иштетүү кайсы кыргыздын наркына, баалуулуктарына дал келет? Кийинки муундун тарбиялуу өнүгүшүнө кандай өбөлгө түзөт? Деген маселелер бар. Же бул Баш мыйзамда жазылган беренелер иштебеген, жөн эле кур сөздөрбү?».

Кайыпов, депутаттардын жашыруун добуш бергени, Баш мыйзамда бекитилген беренелерге көңүл бурулбаганы – чоң күмөндөрдү жаратат деп эсептейт.

Кадырбеков: Казино мыйзамын экинчи окууда өткөрбөгөнгө аракет кылабыз

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM