Биз менен байланышыңыз

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 23-26-майда жүргүзүлөт

Кыска кабар | 19 мая 2022 | 828 | 0

Жалпы республикалык тестирлөөгө катталбай калгандар үчүн кошумча каттоо 23-майда жана 26-майда жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары боюнча борбордон кабарлашты.

Каттоо тестирлөө өткөрүлө турган мектептерде саат 13:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Каттоо акысы негизги тестке 370 сом, ар бир предметтик тестке 370 сом. Төлөм РСК банкта жүргүзүлөт.

Каттоо үчүн сизде төмөнкүлөр болушу керек:

-РСК банкынан каттоо акчасын төлөнгөндүгү тууралуу квитанция;

-Жеке күбөлүгү (паспорт же аскердик билет). Өздүгүн тастыктаган документтерсиз тестке кирүү болбойт.

-3х4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;

-орто билими жөнүндө аттестаттын же орто атайын окуу жайын бүтүргөндүгү боюнча дипломдун туп нускасы (мурунку жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);

-2022-жылдын бүтүрүүчүлөрү директор тарабынан күбөлөндүрүлгөн аттестат жана анын бүтүрүүчү экендиги тууралуу мектептин мөөрү басылган күбөлүк тапшырышат.

-Окуу жайдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аттестатта бүтүрүүчүнүн сүрөтү талап кылынат.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөө сынагы үч этап менен өтөт:

1-этап — 24-25-майда;
2-этап — 27-28-май;
3-этап — 24-25-июнда болот.

Copyright © 2017 Maral FM