Биз менен байланышыңыз

«Казино — коррупция, наркотрафиктен табылган акчаны адалдаштыруу механизми»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 мая 2022 | 384 | 0

Дүйнө жүзүндө биздикине окшош мамлекеттерде казинолордун башкы максаты — көмүскө экономикадагы мыйзамсыз акчаларды адалдаштыруу болуп саналат. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Демек, коррупциядан, наркотрафиктен табылган акчанын бардыгы казиного түшөт, андан адалдашып чыгат. Мунун коркунучу аябай чоң.

«Бизде казинолордон түшө турган кирешенин жалпы көлөмү – 4 млрд болот деп коелу. Бизнесмендердин жүрүм-турумун жакшы билебиз. Алар “казино ачылды” дегенде эле чуркап барып жаңы имарат курбайт. Ижарага алат, мурдагы болгон жерлерди жаңыртат. Мындайча айтканда, экономикалык акча айлануу биз күткөндөй болбойт. Кийинки маселе, кош жарандуулук алган жарандарыбыз бар. Бул маселе кандай чечилет? Ушундай түшунүксүз жагдайлар көп. Анан, “Туристтер Кыргызстанга атайын казино ойногону келишет” деген сөз бул – блеф. Дүйнө жүзүндө казинолордун борборлору бар. Казино индустриясынын туризми болбогон нерсе. Бул кыска мөөнөттүү пайда табуу болуп калат. Бирок кийинчирээк абал аябай начарлайт».

Экономист ошондой эле өндүрүшкө таянбаган экономика дайыма алсыз болорун айтып, казино ачуунун ордуна Кажы-Сайда, Майлы-Суудагы заводдорду жандантуу өлкөгө бир топ пайда келтирерин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM