«Ош» аэропортундагы суу каптоону иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзүлөт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 18-майда катуу жааган жаандан «Ош» аэропортунун шыбы урап түшкөн. Аэропорттун шыбынан суу агып, бир бөлүгү урап калган.
Ал учурда аэропорт штаттык режимде иштеп жаткан. Учурда бардык рейсттер өз убагында аткарылууда.