Биз менен байланышыңыз

Сайдилкан: Араб Эмираттары менен алаканы жакшыртуу абдан маанилүү

Блог | 18 мая 2022 | 535 | 0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 17-майда Бириккен Араб Эмираттарынын мурдагы президенти Халифа бен Заид Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу ал өлкөгө барып, жаңы президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга көңүл айтты. Ошол эле күнү өлкө башчы Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика министри менен жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыгын күчөтүү боюнча пикир алмашышты. Жапаровдун Араб Эмираттарына сапарынын маанилүүлүгү, бул өлкөнүн Кыргызстан менен алдыдагы экономикалык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ишкер Жоодар Сайдилкан менен маектештик.

-Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына барып, бул өлкөнүн президентинин өлүмүнө байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышты. Бул канчалык маанилүү кадам деп ойлойсуз?

Президентибиздин Бириккен Араб Эмираттарына барып жаңы президент Мухаммад ибн Заид Аль Нахайян менен жеке жолугуп, кыргыз элинин атынан көңүл айтканы абдан туура чечим болду. Бул эмне үчүн абдан маанилүү, азыр бүткүл дүйнөдө COVIDтен кийинки кырдаалга жана Украинадагы согушка байланыштуу экономиканын олуттуу стагнациясы байкалууда, көп мамлекеттердин экономикасы алсыздап калды. Айрыкча орус-украин согушу Кыргызстанга абдан олуттуу таасир тийгизет.

Ошондуктан азыркы тапта биз инвестор өлкөлөр, финансылык жактан бай жана географиялык жактан жакын, башка орток баалуулуктарыбыз көп болгон мамлекеттер менен кызматташуу, достук мамилелерди түзүү маанилүү болуп турат.

Бул жагынан караганда Абу-Даби, Катар, Сауд Арабиясы, Түркия, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр башка мамлекеттерге инвестиция сала турган потенциалы жогору. Булар өз экономикасын өнүктүрүп, потенциалын эң жогорку деңгээлге жеткирип, азыр эми башка рынокторго инвестиция сала алат.

-Абу-Даби менен кызматташуу Кыргызстанга эмне берет? 

Абу-Дабинин калкы 1,5 миллион адамды түзөт, падышанын үй-бүлөсү көптөгөн инвестициялык фонддорду жана өнүктүрүү банктарын башкарат, болгону эки негизги байлык фондунун резервдери ADIA (Абу-Даби Инвестициялык Authority) 697 миллиард АКШ доллары жана Мубадала 293 миллиард АКШ доллары. Башка банктар менен бирге резервдер бир триллион АКШ долларын түзөт. Абу-Дабинин бизнес коомчулугунун өлкөбүзгө жана жалпысынан Борбор Азияга кызыгуусу абдан чоң, Абу-Дабинин Өзбекстан менен Казакстанга акыркы жылдары инвестиция тартуусу 1 миллиард доллардан ашты.

Мисалы 2018-жылы Өзбекстан БАЭ менен 1 миллиард долларлык инвестициялык фонд түзгөн. Казакстанга болсо 6 миллиард долларга жетерин ачыктаган. Биз дагы бул өлкөлөрдөн кем калбашыбыз керек.

Тике инвестициядан тышкары БАЭден үйрөнө турган көп нерсе бар. Инвестицияларды жана жеке менчиктин кол тийбестигин коргоо боюнча биз көп түйшүктүү иштерди жасашыбыз керек, жер жерлерде инвестицияларды жана инвесторлорду коргош үчүн салыктарды бөлүштүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролун жана жергиликтүү кеңештердин үлүшүн күчөтүү зарыл.

-Бириккен Араб Эмираттарынын инвесторлору Кыргызстанга инвестиция салууга кызыккан кайсы тармак бар?

Булар азыр бир канча сектор алдыга озуп кетишкен. Анын бири, нефть, мунай сектору бизде болбогондуктан ушул жаатты караштырса болот. Андан кийин, мамлекеттин колунда болгон толгон токой мамлекеттик ишканалар бар, аларды керек болсо Абу-Дабилик компанияларга сатууга караштырып көрсөк болот.

Ал эми негизги башкы секторлор: энергетика, туризм, айыл чарбадагы өндүрүш болуп саналат. Ушул тармактарга басым жасаса болот. Баарына белгилүү болгондой, энергетика тармагында, биз өзүбүздүн потенциалыбызды 1,5% гана колдонуп келе жатабыз. Абу-Даби күндүн, шамалдын энергиясы жана башка булактар менен энергия өндургөнгө кызыкдар. Биз мүмкүн болушунча чакан болсо да биринчи этапта инвесторлорду Кыргызстанга инвестиция салышын камсыз кылып алсак, анын аркасы менен баары келет. Ошол эле аэропортторду, аба жолдорун да карап көрсөк болот.

-Анда Кыргызстан Абу-Дабиден инвестиция тартуу үчүн кандай кадамдарды жасап, эмнелерге маани бериши керек?

Жакын арада БАЭден Экономика министрлиги жетектеген калың топтон турган ишкерлердин делегациясы Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө. Биз ошол делегация келген учурда туура сунуштарды берүүгө даяр болушубуз керек. Ошол эле учурда Абу-Даби менен Кыргызстан ортосунда өнүктүрүү фондун түзсө болот. Ири инвесторлорду тартуу үчүн 1 млрд долларлык фонд түзүүнү биз сунушташыбыз керек. Мунун жанында, ишкерлер форумун өткөрүп, Кыргызстандын алдыңкы жана өнүгүп келе жаткан бизнесмендери менен Абу-Дабиден келген ишкерлерди бир аянтчада чогултуу аракетин көрүү абзел деп ойлойм.

Эмираттык ишкерлер көлөмдүү долборлорго кызыгат. Бизде болсо тилекке каршы, ири ишкерлердин көлөмү абдан аз болгондуктан, чоң долбоорлордо мамлекеттин колунда бар мүлктөрдөн кутулууга барышыбыз керек. Башка өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет жеке секторго кийлигишпейт. Ошондуктан биз да керексиз чыгым болуп, ысырап болуп жаткан мүлктөрдү таза, ачык айкын жолу менен инвесторлорго өткөрүп берип, инвесторду коргоп, жумуш орундарды түзүп, салыктарды көбөйтүү керек. Салыктар көбөйсө өлкөнүн медицина, билим берүү сыяктуу маанилүү коомго пайдалуу секторлор өнүгө баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM