Биз менен байланышыңыз

19-23-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 1145 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Эртең, 19-майда жана 21-23-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан, мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM