Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Эртең, 19-майда жана 21-23-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан, мөндүр жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.