Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Эми автобус жана троллейбустарда накталай төлөм кабыл алынбайт

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 990 | 0

1-июлдан тарта Бишкек шаарынын автобус жана троллейбустарында жол кире үчүн накталай төлөмдөр кабыл алынбайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

1-июлдан тарта муниципалдык транспортто «Тулпар» картасы толук иштей баштайт. Жүргүнчүлөр төмөнкүдөй накталай эмес төлөм ыкмаларын пайдалана алат:

— «Тулпар» транспорттук карталарынын үч категориясы бар  (стандарт, мектеп окуучулары үчүн, жеңилдетилген);

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталарын;

— виртуалдык NFC картасы;

— «Тулпар» жана Balance тиркемесинде QR код сканерлөө;

— «Тулпар» тиркемесине транспорттук кодду киргизүү ыкмасын да колдонсо болот.

Бүгүнкү күндө автобус, троллейбустарда жол кире акысы 11 сом.

2020-жылдын март айынан тарта BPC AG швецариялык компания менен бирге борбор калаада «Тулпар» картасы иштөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM