Биз менен байланышыңыз

Абдыракманова: Лотереяга байланыштуу шылуун кассирлер пайда болду

Кыска кабар , Пикирлер | 18 мая 2022 | 979 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын ККМ-онлайн бөлүмүнүн ага инспектору Жаннат Абдыракманова жарандарга соода түйүндөрүндө кассалык (фискалдык) чек талап кылып, аны дароо ошол жерден эле тиркемеге жүктөп коюуну сунуштайт. Бул тууралуу ал «Маралдын» эфиринде айтты.

Анткени айрым шылуун кассирлер ошол чектин көчүрмөсүн өзүнүн тиркемесине жүктөп коюп жатышканын эскертти.

«Ушундай бир-эки учур болду. Жарандар чекти алып, «үйгө барып, шашпай жүктөйүн» деп ойлошот экен. Ал учурда кассирлер чектин көчүрмөсүн сканерлеп алышат. Колдонуучу үйгө барып шашпай жүктөгөндө “сиздин чек лотереяга катышып жатат” деген жооп чыгып калууда. Мындай учурларда Мамлекеттик салык кызматына кайрылуунун кажети жок. Себеби кассир тарабынан чек берилип жатат, колдонуучу алып жатат. Башкача айтканда мыйзам бузуу болгон жок».

Буга чара көрүү максатында ири соода борборлорунун жетекчилери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, алар өз кезегинде кассирлерге эскертүү берип, көзөмөлгө алуу иш-аракеттерин көрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM