Биз менен байланышыңыз

Сарыбашов: Ошто таза суу маселеси элдин көкөйүнө тийди

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 288 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов парламенттин 18-майдагы жыйынында Ош шаарындагы таза суу маселесин көтөрдү.

Ал айткандай, Ошто жаан катуу жааган сайын таза суу токтоп калып жатат. 19-майда жашоочулар аргасыздан нааразылык акцияга чыкканы жатат.

Сарыбашов таза суу чыгаруу боюнча долбоорлор даярдалып бүткөнүн, ал үчүн 3 млн доллар каражат бөлүнөрү тууралуу документ Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылыш тарабынан ратификациядан өткөнүн айтты.

Бирок акча бөлүнбөй, казынада кармалып турат.

«Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы барбы ошол акчага, же ал долбоорду өзүнө ыйгарып алууну көздөп жатышабы, мен түшүнбөй калдым. Эмне үчүн акчаны казынада кармап турушат? Шаар эли аябай тынчсызданып жатат. Бардык нерсенин чеги болот, менин оюм боюнча, таза суу маселеси да чегине жетти. Мамлекет деген бар да, Ош шаарына көңүл буруп коюу керек. Эл митингге чыкканга чейин алдын алууну өтүнөм«, — деди Сарыбашев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM