Биз менен байланышыңыз

Чек боюнча лотерея: серверге чоң күч келип, чектерди текшерүү 3 күнгө созулууда

Кыска кабар , Пикирлер | 18 мая 2022 | 358 | 0

Ар бир соода түйүнүндө ККМди колдонуу, кассир кандай иш-аракеттерди көрүүсү керектиги тууралуу эрежелер токтомдор менен бекитилген. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын ККМ-онлайн бөлүмүнүн ага инспектору Жаннат Абдыракманова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Эрежелерге ылайык, ККМдин чеги аппарат басып чыккан мөөнөттөн баштап тиркемеге түшкөнгө чейин үч күн (72 саат) убакыт бар. Андан кийин чек жараксыз болуп калат.

«Салык кызматынын серверлери жаңыланган эмес. Ошондуктан чектердин саны көбөйүп, серверге чоң күч келип, ал чектерди сервер текшерүү үчүн үч күн керек болуп жатат. Демек, 72 сааттын ичинде сервер ошол кассадан чыккан чектин серверге келип түшкөндүгүн аныктап, андан кийин колдонуучуга кабар берилет. Ал эми 72 саттан кийин да чек кабыл алынбай калганына бир нече себептер бар. Кээ бир колдонуучулар эгер QR-код сканерленбесе, анда реквизиттерди кол менен терип жүктөшөт. Ушунда каталар көп кетип жатат. Каталар менен болсо да сервер кабыл ала берет бирок системага киргизилбей калат. Айрым учурларда үч күндөн кийин да чек кабыл алынып калышы мүмкүн. Мындай учурлардын үстүндө биз азыр иш алып баруудабыз.»

Аппараттык ККМди тейлөө боюнча жалпы 14 борбор бар.

Абдырахманова ар бир чек текшерилерин, колдонуучулар кабатырланбай койсо болорун кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM