Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин кызматкерлерине карата 25 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен кылмыш иштеринин далилдерин жана процесстик документтерди бурмалоо боюнча көптөгөн факты аныкталды.
Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБнын кызмат адамдары жарандардын атынан «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына жалган маалыматтарды киргизип, кылмыш жөнүндө жасалма билдирүүлөрдү жасашкан. Алар боюнча жасалма кылмыш иштерин козгошкон. Бул аракет аркылуу кызматкерлер кылмыштардын бетин ачуунун көрсөткүчтөрүн жасалма түрдө жогорулатууну максат кылышкан.
Андан соң, бул кылмыш иштери боюнча тергөө аракеттеринин документтери (сурак протоколдору, жабырлануучу деп таануу жөнүндө чечим) түзүлүп, кийинчерээк жабырлануучулардын жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалмаланган жалган арыздарынын негизинде токтотулган.
Мындан сырткары, уурулук беренеси менен айыпталгандардын мойнуна мурда бети ачылбаган кылмыш иштерди илип, жабырлануучулардын айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалма билдирүүлөрү боюнча ал иштерди токтотушкан.
Ошону менен милиция кызматкерлери кылмыштардын бетин ачуу статистикасын көбөйтүшкөн.
Бул фактылардын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 361-беренеси (“Далилдерди бурмалоо”) жана 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын кызмат адамдарына карата 25 кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө аракеттери Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.