Биз менен байланышыңыз

18-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 17 мая 2022 | 397 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча эртең, 18-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +27…+29 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM