Биз менен байланышыңыз

Акаев: Дүйнө IT парктарын ачса, биз курултайды түзүп жатабыз

Кыска кабар | 17 мая 2022 | 520 | 0

«Элдик курултай» тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде талкууланып, бир топ талаштарды жаратты.

Эл өкүлдөрү «Элдик курултайга» берилген ыйгарым укуктар мамлекеттик органдар менен парламенттин ыйгарым укуктарын кайталай турганын айтышты.

Депутат Жанар Акаев Курултайдын мүчөлөрү үч жылга шайланбашы керектигин, бир жолу шайланып, ошону менен тарап кетиши керектигин айтат. Мындан тышкары, сотторду тандаганга да укук берилгени туура эмес экенин белгилейт.

«Курултайга мүчө болгондор аким, мэрлерди иштетпей, жүдөтөт, биз билебиз да. Акимдер аларды кой союп сыйлап тургандай, кучак жайып тосуп алгандай акыбал түзүлөт. Айылдарда резюме чогулта башташат, “мен жакында курултайга барам, эмне маселеңди чечип берейин деп калышат, элдин баары эмес, бирок ушундай акыбал түзүлөт. Дүйнө эли IT технологиялык парктарды түзүп жатат, биз президентке кол чапкан курултайды түзүп жатабыз» , — деди депутат.

Талкуудан кийин «Элдик курултай» боюнча мыйзам долбоорунун концепциясы тармактык комитетте биринчи окууда жактырылган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM