Биз менен байланышыңыз

«Санарип инсан» — шаар менен айыл тургундарынын жашоо деңгээлин теңдештирет

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2022 | 554 | 0

Кыргызстанда калктын санариптик сабатын жогорулатуу, шаар менен айыл тургундарынын жашоо деңгээлин теңдештирүү максатында «Санарип инсан» долбоору ишке кирди. Аталган долбоор айылдагы жаштарга, аялдарга жана мигранттарга санариптик көндүмдөр жана жашыл экономика боюнча билим берүүнү көздөйт. Бул тууралуу Евробиримдиктин «Санарип инсан» долбоорунун медиа-эксперти Сапаргүл Абдинабиева “Маралдын” эфиринде билдирди.

Азыркы тапта программа англис тилинен кыргызчага которулуп, адаптация болуп жаткан кези. Ал аяктаган соң жалпы коомчулукка базалык санариптин көндүмдөрдү үйрөтө турган атайын видеолор телеканал, радио жана социалдык тармактар аркылуу берилет.

«Дүйнө жүзүндө мындай тендеция жүрүп жатат: Диплому бар аялга караганда, диплому жок бирок базалык санариптик көндүмдөрдү билген аял болсо анын айлыгы 2-3 эсе жогору болот. Бизде да ушундай болуп калган. Жумушка орношууда биринчи компьютер менен иштегениңди, ар кандай программалар менен иштей алганыңды сурап, анан жумушка алат. Ошого жараша айлыгы да башкаларга салыштырмалуу жогорураак болот. Ошондуктан бул азыр ар бир инсанга керектелүүчү нерсе болуп жатат».

Санариптик көндүмдөр боюнча материалдар бардык каалоочу жарандарга жеткиликтүү болот. Ал эми кызыгуусун билдирген, долбоордун координаторлору менен дайыма байланышта болгондор үчүн кошумча материалдар берилип турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM