Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Кремлге ЖККУ президенттеринин жолугушуусуна келди

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 206 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-майда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчө мамлекеттеринин лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары чогуу сүрөткө түшкөн соң, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган мааракелик жыйын өтө турган Александр залына өтүшөт.

Саммиттин күн тартибинде ЖККУнун алкагындагы актуалдуу эл аралык жана регионалдык көйгөйлөрдү жана жамааттык коопсуздук системасын дагы да жакшыртуу үчүн көрүлө турган чаралар талкууланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM