Биз менен байланышыңыз

Жумадилов: Мектеп балдарга өз алдынча үйрөнүү көндүмүн бербей жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 16 мая 2022 | 609 | 0

Окуучуларга мектепте билим берилип жатат, бирок ал билимди кантип колдонуш керектиги үйрөтүлбөй калууда. Мындай пикирин «Салымбеков» университетинин ректору Эсенгелди Жумадилов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Баланы кичинекей чагынан баштап үч нерсеге үйрөтүү зарыл. Бул: өз алдынчалык, жоопкерчилик жана аракетчилдик. Эгер балага ушул үч нерсени кичинекей чагынан баштап үйрөтө турган болсок, бала өз жашоосуна жоопкерчиликтүү болуп, өз кесибин өзү тандай алат.

«Бул нерсе мамлекеттик мектептерде жана жеке менчик мектептерде да берилбей жатат. Тактап айтканда, коммуникативдик билимдер, уюштуруучулук  жана жекече өнүгүү билимдери окуучуларга өтө зарыл нерсе. Окуучу коомго аралашып, коомдогу өз ордун таап, байланыш түзө билиш керек. Ар бир иште бир нерсе уюштуруп, аны аягына чейин аткара билиши керек. Бала ар дайым аракетчил болуп, алдына максат коюп, ошол максатка жете алуусу зарыл. Азыркы тапта бул өтө керектүү нерселер, тилекке каршы мамлекеттик окуу программасында бул каралбай калган», — деди ал.

Мамлекет менен жеке сектор чогуу иш алып барып, долбоорлорду биргелешип ишке ашырса, көп иштер алдыга жылып, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачылмак деп эсептейт Жумадилов.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM