Биз менен байланышыңыз

Кесип тандоо боюнча форум Ош шаарында да өткөрүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 16 мая 2022 | 520 | 0

14-майда Бишкекте «Туура кесип — келечек кепилдиги» аталышында мектеп окуучуларынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган форум өттү. Аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Салымбеков университети биргеликте уюштурган.

«Салымбеков» университетинин ректору Эсенгелди Жумадилов «Маралдын» эфиринде билдиргендей, форумдун максаты — келечек муундар менен кесипке багыттоо жаатында туруктуу негизде республикалык жана аймактык жолугушууларды, тренингдерди жана башка иш-чараларды уюштуруу болуп саналат.

Жумадилов аталган форум алдыда Ош шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүү мерчемделип жатканын маалымдады.

«Буга чейин аймактарда чакан иш-чараларды уюштуруп келгенбиз. Ушул форумдан кийин, мындай платформада Ош шаарында уюштуралы деп жатабыз. Азыр анын үстүндө иштеп, даярдыктарды көрүүдөбүз», — деди ал.

Бишкекте өткөн иш-чара эки бөлүктөн турду: Биринчиси, кесип тандоого багытталган презентациялар, экинчиси, ЖОЖдордун өздөрүн тааныткан билим жарманкеси болду.

Форумда «Кесипти туура тандоого жардам берүүчү факторлор», «Кыргызстанда зарыл болгон кесиптер жана алардын келечеги», «Максат коюу жана өз дараметин өнүктүрө билүү»  жана башка ушул сыяктуу темаларда  тажрыйбалуу адистер бүтүрүүчүлөргө кеп-кеңештерин беришти. Жыйынга 800дөй мектеп окуучусу катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM