Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең жаан жаайт

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 471 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча эртең, 15-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлөгөн жаан болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22,

Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26,

Нарын дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM