Биз менен байланышыңыз

Түштүк Осетия Орусияга кошулуу үчүн референдум өткөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 мая 2022 | 360 | 0

Көз карандысыздыгы талаш жаратып келген Түштүк Осетия өлкөсүнүн башчысы Анатолий Бибилов аймакты Орусияга бириктирүү үчүн референдум өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Документ Бибиловдун расмий сайтына жарыяланды. 

Жарлыкта референдум 17-июлда өтөрү белгиленген. «Рес» маалымат агенттиги жетекчилик «бул Түштүк Осетиянын элинин тарыхый каалоосу» деп түшүндүргөнүн жазды.

Агенттик ошондой эле Түштүк Осетиянын Жогорку Соту жарлыкты мыйзамдуу деп таап, референдум өткөрүүгө уруксат бергенин маалымдады.

Айта кетсек, Анатолий Бибилов президенттик шайлоонун 8-майда өткөн экинчи турунда (биринчи тур 10-апрелде өткөн) «Ныхас» партиясынын лидери Алан Гаглоевге жеңилип калган. Түштүк Осетиянын эркиндигин дайым жактап келген жаңы президент кызматына 24-майда расмий киришет. Ал азырынча жарлыкты жокко чыгарарын же колдоорун ачык айта элек.

Түштүк Осетия көптөгөн согуш, чыр-чатактардан кийин 1992-жылы Грузиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Эгемендигин эң биринчи 2008-жылы Орусия тааныган.

Бул чечимди БУУга мүчө мамлекеттердин дээрлик көпчүлүгү ушул кезде да колдобой келет. Ал эми Грузия Түштүк Осетияны дале өз аймагы катары санайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM