Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги троллейбустардын орундуктары жаңыланды

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 270 | 0

Бишкек шаарындагы троллейбустардын орундуктары оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Айрым троллейбустардын отургучтары жаңыланса, айрымдарынын жабуулары кир көтөрүмдүү чүпүрөктөр менен алмаштырылган. Ошондой эле айрым отургучтар табигый түскө боёлгон.

Айта кетсек, күн сайын орто эсеп менен 135-140 троллейбус каттамга чыгат.

Бишкек мэриясы оңдоп-түзөөгө көп күч сарпталганын белгилеп, шаар тургундарын жана конокторун адамдын эмгегин сыйлоого чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM