Биз менен байланышыңыз

Коргоо министрлигинин диплому жасалма офицери кызматынан кетти

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 240 | 0

Жасалма дипломго шектелип жаткан Коргоо министрлигинин кызматкери, майор Павел Кургин кызматынан кетти. Бул маалыматты министрлик тастыктады.

Павел Кургин 1997-жылдан бери аскер кызматында эмгектенип келген. 2009-жылдан тарта офицердик курамга кошулуп, аскер лейтенанты наамы берилген.

Андан бери кызмат даражасы жактан да, аскердик чини боюнча да көтөрүлүп жүрүп отурган.

Айта кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президент Садыр Жапаровдун атайын тапшырмасы менен 24-январдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жарандыгын, дипломунун аныктыгын текшере баштаган.

Анын негизинде, Коргоо министрлигинин бир кызматкери жасалма дипломго шектелип жатканы маалымдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM